Ошто тургундан 100 миң сом опузалоого шектүүлөр кармалды

Ошто тургундан 100 миң сом опузалоого шектүүлөр кармалды

Ош шаарында акча опузалоого шектелген топ кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, март айынын башында Кара-Суу районунун тургунуна белгисиз адамдар чалып, жубайы менен кат жазышкан деген жалган шылтоо менен (чындыгында жубайы болгон эмес) коркутуп, 100 миң сом акча опузалаган. Коркутуулар адам чыдагыс болуп калганда ал милицияга кайрылган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап акча талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүүлөр акчанын бир бөлүгүн алып жатканда колго түшүрүлгөн: 25 жаштагы М.Р, 26 жаштагы Ж.А., 27 жаштагы А.А. жана 28 жаштагы Ж.Ш. Кармалгандардын бирөө (М.Р.) буга чейин “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылып, андан тышкары башка өлкөдө кылмыш жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.

Учурда шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.

 

Тэги: ИИМ Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>