Керектөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылды
Жалал-Абадда тойдо асманга ок чыгарган жигит кармалды (видео)
11.03.2024 | 13:03
Үлпөт той кортежинде бара жаткан “BMW X5” үлгүсүндөгү авто унаанын алдынкы терезесинен чыгып, асманга ок аткан видео Жалал-Абад облусунда тартылган. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Милициянын маалыматында, ок аткан жаран 28 жаштагы Сузак районунун тургуну. Ал учурда кармалып, анын жоругу боюнча тергөө кызматы иш алып барууда.
Ал эми авто унаанын айдоочусуна автоээнбаштык кылгандыгы үчүн, 15 000 сом айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар