Ошто тургундарды 2,1 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Ошто тургундарды 2,1 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Ош облусунда алдамчылыкка шектелип аял киши кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 7-декабрда милицияга Кара-Суу районунун 55 жаштагы А.О. аттуу тургуну кайрылган. Ал арызында билдиргендей, быйыл ноябрь айынын башында сыртынан тааныш болгон Гуля аттуу аял анын ишеничине кирип, зер буюмдарын алдап алып кетип, акчасын бербей койгон.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 35 жаштагы К.Г. аттуу аял кармалган. Ал камакка алынган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүнүн үстүнөн милицияга ушундай эле мазмундагы 12 арыз түшкөн. Алданып калган жарандарга келтирилген зыяндын жалпы суммасы 2 млн 150 миң сомду түзгөн.

Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин аныктоо боюнча иштер уланууда.

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>