Адилет Балтабайдын жубайы: Жолдошумду соттун өкүмү күчүнө кире электе камашты

Адилет Балтабайдын жубайы: Жолдошумду соттун өкүмү күчүнө кире электе камашты

Активист Адилет Балтабай Чүйдүн Сокулук районунун сотунун өкүмү күчүнө кире электе №1 тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге активисттин жубайы Гүлккайыр Жапарова билдирди.

Анын айтымында, 15-декабрда Сокулук райондук милициясынын участкалык кызматкерлери Адилет Балтабайга «бир-эки суроо» бар деп алдап кармап кеткен. Андан кийин аны милиция бөлүмүнө жеткирип, андан соң ооруканага алыр барып, текшертип, убактылуу кармоочу жайга камакка алган. Ал эми бүгүн, 16-декабрда активист Бишкектеги №1 тергөө абагына которулган.

Адилет Балтабайдын туугандары Сокулуктун сотунун өкүмү күчүнө кире электе эле камакка алынганына нааразы. Алар активист эмненин негизинде кармалганын түшүнбөй жатканын, Адилет Балтабайды кармап кеткен милиция да жөңдүү жооп бере албаганын белгилешти.

«Урматтуу журтчулук, бүгүн Адилет Балтабайды Сокулуктун убактылуу кармоочу жайынан СИЗО-1ге алып кетишиптир. Сот процесси 22-декабрда болмок. Ошол күнү деле камап жетишмексиңер го. Күчкө салып, мыйзамсыз бир жума камакта отурганы кимге аброй алып келет болду экен?! Райондук соттун чечими күчүнө кире элек эле. Адвокат да Сокулук РИИБнен алгылыктуу жооп ала алган жок. Адилетсиз камалган Адилет Балтабай менен кошо, оор инсульт алган атасын, «балам» деп чырылдаган апасын, үй бүлөсүн бүт моральдык түрдө камашты. Аркы жагы кандай болот? Бир гана Жаратканга анан сиздердин колдоого койдук…», — деп жазышты алар активисттин «Фейсбуктагы» баракчасына.

Reporter.kg Чүй облустук милициясына маалымат алуу үчүн байланышканда, Сокулуктун милициясында Адилет Балтабайга карата козголгон кылмыш иши жок экенин, маалыматты соттон алуу керектигин айтышты.

Ал эми Жогорку соттон Адилет Балтабайдын пробациясынын жокко чыгарылышы боюнча соттук отурум 22-декабрга жылдырылганын, кошумча маалыматты дүйшөмбү күнү тактап бере аларын билдиришти.

Эскерте кетсек, Адилет Балтабай 2022-жылдын 30-июнунда Бишкектин милициясы тарабынан «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» шектелип кармалган. Ал кармалардан мурда кумарканалардын ачылышына каршы болуп, митингдерге чыгып жүргөн.

11-ноябрда Бишкектин Биринчи райондук сотунун чечими менен Адилет Балтабай 5 жылга соттолуп, ошол эле учурда 3 жыл пробациялык мөөнөт белгиленип, эркиндикке чыккан. 2023-жылы 12-январда Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн өзгөртүп, активистти 5 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмүн күчүндө калтырылган. Адилет Балтабай сот залынан камакка алынган.

Кийин 19-апрелде Жогорку сот шаардык соттун өкүмүн жокко чыгарып, Биричи май райондук соттун пробация тууралуу өкүмү күчүндө калтырган. Адилет Балтабай ошол эле күнү абактан бошотулган.

Бирок арадан бир нече ай өткөндөн кийин пробация органы Сокулук райондук сотуна кайрылып, Адилет Балтабай пробация эрежелерин бузганын билдирип, аны камакка алууну өтүнгөн. 10-ноябрда Сокулук райондук соту өтүнүчтү канааттандырган.

Бирок активист кайра камакка алгыдай мыйзам бузбаганын билдирип, кайра камоо аракетин айткан сын пикири үчүн куугунтук катары баалап келет. Учурда алар Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Активисттин жактоочусу билдиргендей, мыйзам боюнча аппеляция берилгенден кийин, облустук соттун өкүмү чыкканга чейин, райондук соттун өкүмү күчүнө кирбей турат.

11-декабрда Адилет Балтабайдын жактоочусу ооруп келе албай калгандыктан Чүй облустук сотундагы отурум 22-декабрга жылдырылган.

11-декабрда Адилет Балтабай укугу тебеленип жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасаган.

«Укугум тебеленүүдө». Активист Адилет Балтабай президентке кайрылды (видео)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>