Чүйдүн Шопоков шаарында 7,7 млн долларга сүттү кайра иштетүүчү завод курулатКыргызстандан Маскат шаары аркылуу Сауд Арабиясына авиакаттамдар ачылдыЭнергетика министри Кыргызстанда электр энергиясы эмне үчүн тартыш болуп жатканын түшүндүрдүЧыңгыз Айтматовдун чыгармаларын малай тилине которуу мүмкүнчүлүгү каралуудаДепутат Энергетика министрлигинин колл-борборуна 20 мүнөт чала албай койдуМектептердин окуучулары үчүн 238 миңден ашуун иш дептери басылып чыкты
Ошто унаасы суунун жээгинен табылган 33 жаштагы адам изделүүдө
28.05.2021 | 17:49
Ошто куткаруучулар 33 жаштагы адамды издөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарында 1988-жылы туулган эркек киши 17-май күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Аталган жарандын жеңил унаасы, унаа базардын жанындагы Кайырма суусунун жээгинен табылган.
28-май күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар