Акчаңызды алдамчылар уурдап кеткиче, бул постту ата-энеңизге жөнөтүңүзРеволюциялардын өлкөсүнөн эволюциянын өлкөсүнө карай: Султан Раев Кыргызстандын келечеги тууралууЧолпон-Атада ат үстүндөгү спорттук туризм боюнча дүйнө чемпионаты өтөтЧүйдүн Шопоков шаарында 7,7 млн долларга сүттү кайра иштетүүчү завод курулатКыргызстандан Маскат шаары аркылуу Сауд Арабиясына авиакаттамдар ачылдыЭнергетика министри Кыргызстанда электр энергиясы эмне үчүн тартыш болуп жатканын түшүндүрдү
Мухаммедкалый Абылгазиев абакта дагы эки айга калтырылды
28.05.2021 | 17:19
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 21-майдагы чечими менен мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев абакта дагы 2 айга калтырылды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Абылгазиевдин УКМКнын тергөө абагында камакка калтыруу түрүндөгү баш коргоо чарасы 26-июлга чейин узартылды.
- Чиновник УКМК тарабынан 26-январда кармалган. Ага мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп, мыйзамсыз байыган деген айып тагылууда.
- Абылгазиев сот чечими менен УКМКнын СИЗОсунда 26-майга чейин камакка алынган болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар