Ошто үч өлкөнүн байкерлери мотосезонду ачышты — видео

Ошто үч өлкөнүн байкерлери мотосезонду ачышты — видео

Ош шаарындагы борбордук аянтта Орто Азия, анын ичинде Кыргызстандык мото сүйүүчүлөрдүн “Көчмөн жолу” ( Путь кочевника ) аталыштагы мотосезондун ачылышына карата жүрүш болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ага Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын мотоклубдарынын 200гө жакын байкерлер катышып, өздөрүнүн мото башкаруу ыкмаларын көрсөтүп беришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров өлкөдө мото-туризмдин өнүгүп жатканын белгилеп, катышуучуларга шаар бийлиги атынан ийгиликтерди каалады.

Мото жүрүш борбордук аянттан башталып, Ленин, Навои жана Курманжан датка көчөсү менен өтүп, Сулайман-Тоонун этегинде жыйынтыкталды.

Жыл сайын өтүп келген мындай мото жүрүштүн максаты жол коопсуздугун камсыздоону жана бул спорттун түрүн жайылтууну көздөйт.

Белгилей кетсек, иш-чара Ош шаардык мэриясынын колдоосу менен “Кыргызстан мотоциклисттери” коомдук бирикмеси, “Биргелешкен мотоциклисттер” тобу жана “Байкерлер KG” сыяктуу уюмдар тарабынан уюштурулду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>