ИИМ мектеп окуу китептерин сатуу боюнча кылмыш иши козголгонсун тастыктады

22.09.2026 | 17:47
В МВД подтвердили факт возбуждения дела о продаже школьных учебников — Новости Кыргызстана

Мектеп окуу китептерин сатуу маселесине байланыштуу кылмыш иши козголгон фактысын Кыргызстандын Ички иштер министрлиги расмий түрдө тастыктады. Тиешелүү билдирүүнү 22-сентябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жабык жыйынынын кулуурунда ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев жасады.

Буга чейин сот-укуктук маселелер боюнча комитеттин төрагасы Суйунбек Өмүрзаков отурумду жабык режимге өткөрүү чечими дал ушул башталган тергөө иштерине жана мамлекеттик органдарды коррупциялык элементтердин бар-жогуна текшерүү зарылдыгына байланыштуу кабыл алынганын билдирген. Парламентарийлердин маалыматы боюнча, ири каржылоого карабастан — эки жыл ичинде бюджеттен 1,3 млрд сомдон ашык жана Президент Садыр Жапаров тарабынан кошумча бөлүнгөн 7 млрд сомго карабастан, «Учкун» басмаканасынын акысыз китептери Бишкек менен Оштун соода түйүндөрүндө массалык түрдө сатылып жаткан, ал эми мамлекеттик мектептер окуу китептерине абдан муктаж болушууда.

Бул факты боюнча Бишкек шаардык ИИББнын Тергөө кызматы КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») боюнча кылмыш ишин козгоду. Иштин алкагында жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларын акысыз камсыздоого арналган окуу адабияттарын даярдоо, таратуу жана сатуу жагдайлары тергелип жатат.

Бишкек шаардык ИИББнын басма сөз кызматы кабарлагандай, учурда тергөө эркин сатыкка чыккан айрым окуу китептеринин келип чыгуу булактарын, аларды даярдоо жана сатуу шарттарын аныктоодо, ошондой эле сатылып жаткан продукциялардын окуучуларды акысыз камсыздоого арналган окуу адабияттарына шайкештигин текшерүүдө.

Тергөө иштери уланууда.

Теги: ИИМ
Scroll to Top