Ошто жарандарды 3 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Ошто жарандарды 3 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда жарандарга 3 млн сом зыян келтирген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-декабрда милицияга 28 жаштагы Х.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, быйыл июль айында Нули аттуу аял Hyundai Sonata жана Lexus унааларын ижарага алып, андан кийин белгисиз бирөөгө сатып жиберген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 46 жаштагы Ю.Н. аттуу аял кармалып, камакка алынды.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө аталган аялдын үстүнөн дагы эки арыз түшкөн. Арыздардын биринде айтылгандай, шектүү аял 31 жаштагы жарандан 1000 доллар жана 50 миң сом алып, акчаны кайтарбастан изин жашырып кеткен.

Алданган адамдарга 3 млн сом зыян келтирилген.

Учурда иликтөө иштери уланууда

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>