Бишкекте тактикалык страйкбол боюнча ATG 2026 эл аралык турнири өттүМинистрлер Кабинети 2027-жылы 33 млрд сомдон ашык насыя тартууну пландоодоЧүй облусунда 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ишке берилдиШакиранын концерти Кыргызстандын экономикасына $30 млн алып келиши мүмкүн — КубатовКыргызстанда жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылдыКыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүн
Ошто жергиликтүү дыйкандар менен өндүрүшчүлөрдүн «Түштүк Экспо-2026» жарманкеси өтүүдө
23.09.2026 | 13:48

Ош шаарында «Түштүк Экспо-2026» жарманкеси өтүп жатат. Эки күнгө созула турган иш-чарада жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, дыйкан-фермерлердин, кол өнөрчүлөрдүн жана чет өлкөлүк ишкерлердин продукциялары коюлду. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Көргөзмөгө Ош шаарынан жана облустун райондорунан келген дыйкандардын айыл чарба азыктары чыгарылууда. Ата мекендик өндүрүшчүлөр менен катар Казакстан, Кытай, Орусия жана башка мамлекеттерден келген ишкерлер өз товарларын тартуулашууда.
Иш-чара Кыргызстанда сентябрь айынын акыркы жумасында белгиленүүчү Органикалык айыл чарбасынын улуттук күнүнүн алкагында уюштурулду.