Ошто жолдо бараткан аялды ур-токмокко алган адам кармалды

Ошто жолдо бараткан аялды ур-токмокко алган адам кармалды

Ошто жолдо бараткан аялды ур-токмокко алган адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын 46 жаштагы тургуну (аял киши) ички иштер органдарына арыз менен кайрылып, ээнбаштык фактысы боюнча чара көрүп берүүнү өтүнгөн.  Ал арызында 8-апрель күнү саат 21:00дө Ош-Кара-Суу унаажолунда чала тааныш адам эч себепсиз ур-токмокко алганын жазган.

Бул факты боюнча топтолгон материал кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен сотко чейинки өндүрүш башталган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө 26-апрель күнү Ош шаарындагы
мейманканалардын биринен жогорудагы кылмышка шектүү катары Ош облусунун 39 жаштагы Д.А. аттуу тургуну кармалган.

Тактоо иштеринин жүрүшүндө ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турары белгилүү болгон.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>