Түрк мамлекеттери кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматташууну күчөтөтКыргыздын улуттук суусундуктары Өзбекстандын базарына чыгатКыргызстанда футбол жөнүндө көркөм сериал тартылатЖКда чет элдиктер кыймылсыз мүлк сатып алганда жерге ээлик кылуусуна тыюу салуу сунушталуудаБишкек шаардык соту «75тин каты» ишинин фигуранттарына карата өкүмдү жеңилдеттиКыргызстандыктардын каржылык сабаттуулугу Венгрия, Италия жана Литвадан ашты
Оштогу борбордук базар 20-февралда жабылат
21.01.2025 | 09:10
Ош шаарынын А.Навои көчөсүндөгү борбордук базар бир айдан кийин 20-февралда жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, 20-январда ишин токтото турган базар соодагерлердин суранычы менен бир айдан кийин жабыла турган болду.
Эми соодагерлер 20-февралга чейин Б.Осмонов көчөсүндө салынган жаңы муниципалдык борбордук базарга көчүп барышы керек.
Эскерте кетсек, буга чейин мэрия борбордук базар 20-январда жабыларын, ал жакта электр энергиясы, таза суу жана башка коммуналдык тейлөөлөр токтотуларын кабарлаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом