Оштогу сел: Бир кишини унаа тебелеп кетти, төрт адам дайынсыз болууда

Оштогу сел: Бир кишини унаа тебелеп кетти, төрт адам дайынсыз болууда

Ош шаарынын аймагында сел кесепетинен төрт жаран белгисиз болууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы кабарлады.

Маалыматка караганда, 14-июлда катуу жааган жаандан улам сел жүргөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан Араван — Ак-Буура каналына 7 автоунааны сел агызып кеткен.

“Төлөйкөн айыл аймагындагы жайкы эс алуучу жайда эс алып жүргөн 4 жаран белгисиз болууда. Озгур айылында селден жарандарды өткөрүш үчүн “КамАЗга” элди жүктөп жатып, “КамАЗ” жылып кетип, 1 жаранды тебелеп кеткен. Натыйжада 1 жаран жеринде каза болгон. Жалпы 134 үйгө сел кирген, 17 үйдүн дубалы бузулган. Болжол менен 15 унаа селден жабыркаган”, — деп айтылат маалыматта.

ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, алдын ала маалымат боюнча бир үй-бүлөдөн төрт адамды сел агызып кеткен. Алар: 1980-жылы туулган Д. Н. аттуу аял, анын кыздары — 2005-жылы туулган М., 2014-жылы туулган М., 2018-жылы туулган  С. Жеринде издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары 500дөй адам коопсуз жайга эвакуацияланды.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов саат 18:00дө Жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары менен ыкчам жыйын өткөрүп, селдин кесепеттерин жөнгө салуу боюнча тапшырмаларды берди. Ошону менен катар Ош шаарынын аймагына өзгөчө кырдаал абалы киргизилди.

Ош шаарынын Жарандык коргонуу кызматтарынын атайын техникалары жана ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын өздүк курамы ыкчам тартылып, селдин кесепеттерин жөнгө салуу иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле жолгонгон жарандарды издөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: мэрия Ош сел

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>