Казакстан күйүүчү май аткезчилигине каршы күрөшүү үчүн чек арада көзөмөлдү күчөттү

09.07.2026 | 15:00
Казакстан күйүүчү май аткезчилигине каршы күрөшүү үчүн чек арада көзөмөлдү күчөттү — Новости Кыргызстана

Казакстандын полициясы күйүүчү-майлоочу майларды (КММ) мыйзамсыз алып чыгууну токтотуу максатында мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүчү автоунаа пункттарынын жанына 59 көзөмөл постун орнотту.

Казакстандын ИИМинен билдиришкендей, полиция кызматкерлери башка ведомстволордун өкүлдөрү менен биргеликте чек арадан өтүп жаткан транспорт каражаттарын текшерүүдө. Өзгөчө көңүл мыйзамсыз орнотулган кошумча күйүүчү май бактарын аныктоого бурулууда.

Бул чаралар ички рынокто күйүүчү майдын таңсыктыгын болтурбоо максатында бийликтин аны сыртка алып чыгууну көзөмөлдөөнү күчөтүү чечиминен кийин кабыл алынды.

Мындан тышкары, Казакстан коңшу өлкөлөрдөн жүк ташуучу жана жеңил унаалардын кирип-чыгуусун суткасына бир жолуга чейин чектеди. Ошол эле учурда, Энергетика министрлиги буга чейин Орусия тараптан расмий суроо-талап түшсө, ал жакка күйүүчү май жеткирүү мүмкүн экенин билдирген.

Scroll to Top