Оштогу селдин кесепети. 500гө жакын үй, 10 мал, 17 унаа жабыркады

Оштогу селдин кесепети. 500гө жакын үй, 10 мал, 17 унаа жабыркады

Кечээги селден кийин Ошто тазалоо иштери жүрүп жатат.

Облуска караштуу Кыргыз-Чек, Асан-Чек, Достук, Майды, Социализм, Фуркат, Маданият айылдарында 342 үйгө, мектеп, оорукана, бала бакчаларга сел кирген. 25 гектар айдоо аянты жана 10 койду суу алып кеткен, 17 унаа жабыркаган.

Ош шаарында 146 үй, 5 эс алуучу жай жабыркаган. Калаадагы 8 өтмөктү, базардагы 842 контейнердин 785ин суу каптаган.

Сулайман-Тоо РЭСтин бир катар постанцияларын, Кара-Суу РЭСке караштуу Беш-Мойнок подстанциясын сел жууп кетип, электр энергиясы өчкөнүнө байланыштуу Фер-Ас, Большая рыбка скважиналары, номер жетинчи, Актан, Карашев скважиналары, 222-223 кварталына суу берүүчү скважина иштебей турат. Андан сырткары суу насостук станциясын, таза суу түтүктөрүн да сел алып кеткен.

Селден кийин тез жардам кызматына 30 чакыруу болгон. Анын ичинен 17 жаранга жеринде жардам көрсөтүлдү, 9 жаран шаардык клиникага, 4 жаран облустук ооруканага жеткирилди.

Каза болгон жарандардын саны — 2, төрт адам изделүүдө. Алардын издөөгө бүгүн 350 адам тартылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>