Иран ЕАЭБ өлкөлөрүн көз карандысыз финансы тутумун түзүүгө чакырды

Ирандын өнөр жай, кен байлыктары жана соода министри Сейед Мохаммад Атабак Чолпон-Атадагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында сүйлөп жатып, Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) Ислам Республикасынын тышкы саясатында жана экономикалык дипломатиясында өзгөчө орунду ээлей турганын билдирди.
Анын айтымында, Иран менен ЕАЭБдин ортосундагы эркин соода келишими кызматташтыктын маанилүү практикалык натыйжасы болуп калды жана өз ара сооданын өсүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түздү.
Министр Ирандын Бирликтин жогорку органдарынын ишине активдүү катышуусу Тегерандын ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттер жана байкоочу өлкөлөр менен соода-экономикалык мамилелерди ырааттуу өнүктүрүүгө болгон умтулуусун тастыктай турганын баса белгиледи.
Атабак быйыл Тегеранда Ирандын өнөр жай, кен байлыктары жана соода министрлиги Евразия экономикалык комиссиясы менен биргеликте биргелешкен комитеттин экинчи жыйынын, ошондой эле соодадагы техникалык барьерлер боюнча жумушчу топтун жыйынын өткөрөрүн маалымдады. Бул аянтчаларда эркин соода келишимин ишке ашыруу жана учурдагы көйгөйлөрдү четтетүү жолдору талкууланмакчы.
Министр белгилегендей, үч ай мурун Тегеранда Иран менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы эркин соода келишиминин күчүнө киргендигинин бир жылдыгына арналган иш-чара өткөн. Ага Бирликке мүчө өлкөлөрдүн элчилери жана тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышкан. Анын айтымында, катышуучулар бул келишим акыркы жылдагы экономикалык мамилелерди өнүктүрүүдөгү эң маанилүү практикалык жетишкендик болду деген бирдиктүү пикирге келишкен.
Ведомство башчысынын пикиринде, Ирандын ЕАЭБ менен кызматташтыгы эркин соода келишиминин алкагынан алда канча ары чыгышы керек. Ал келечектүү багыттар катары биргелешкен инвестицияларды, энергетиканы, транспортту, байланышты, айыл чарбасын, азык-түлүк коопсуздугун, өнөр жайды, заманбап технологияларды, жасалма интеллектти, санариптик экономиканы, банк секторун, билим берүүнү, илимий изилдөөлөрдү, туризмди жана медициналык туризмди атады.
Министр эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, Иран аларды сооданы өнүктүрүүнүн, экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун, ошондой эле аймактык кызматташтыкты чыңдоонун негизги факторлорунун бири катары караарын баса белгиледи.
Чыгып сүйлөөнүн өзүнчө бир бөлүгү финансылык интеграцияга арналды. Атабактын айтымында, көз карандысыз тышкы саясат жүргүзгөн мамлекеттерге кысым көрсөтүүнүн негизги куралдарынын бири катары учурдагы эл аралык финансы-банктык механизмдер жана акча которуулардын глобалдык каналдарын көзөмөлдөө бойдон калууда.
Ушуга байланыштуу Иран ЕАЭБ алкагында көз карандысыз финансы-банк тутумун жана Бирликке мүчө мамлекеттердин борбордук банктарынын адистештирилген комитетин түзүүнү сунуштады.
Бул комитет санариптик валюталарды өнүктүрүүнүн дүйнөлүк тенденцияларын изилдеп, улуттук санариптик валюталарды киргизүү боюнча тажрыйба алмашууну координациялап жана бул чөйрөдө өз ара аракеттенүү механизмдерин калыптандырат деп болжолдонууда.
Мындан тышкары, министр эл аралык SWIFT тутумуна альтернатива боло турган финансылык билдирүүлөрдү банктар аралык алмашуунун жаңы механизмин түзүү боюнча ишти активдештирүүгө чакырды.
Атабак ошондой эле ЕАЭБдин мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рыногун андан ары калыптандырууну, эл аралык транспорттук ташууларды санариптештирүүнү тездетүүнү жана товарларды электрондук соодалоо жөнүндө макулдашууну даярдоону тезирээк аяктоону колдоду.
Анын айтымында, бул демилгелерди ишке ашыруу логистикалык чынжырлардын натыйжалуулугун жогорулатууга, транзакциялык чыгымдарды азайтууга, сооданын ачыктыгын арттырууга жана бүтүндөй аймактын экономикалык туруктуулугун чыңдоого мүмкүндүк берет.
Сөзүнүн аягында министр Иран чоң энергетикалык потенциалга жана «Түндүк — Түштүк» жана «Чыгыш — Батыш» эл аралык транспорттук коридорлорунун кесилишиндеги ыңгайлуу географиялык абалга ээ болуу менен, өз тажрыйбасы, технологиялары жана инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрү менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттер жана байкоочу мамлекеттер менен бөлүшүүгө даяр экенин баса белгиледи.
Ал интеграцияны андан ары өнүктүрүү соода, транспорт жана экономикалык кызматташтык үчүн негизсиз барьерлерден эркин болгон, алдын ала болжолдоно турган чөйрөнү калыптандырууну талап кыларын белгиледи.
Анара Мамытова