Оштогу УКТ мүчөсүн өлтүргөндөрдү кармоо иштери уланууда

Оштогу УКТ мүчөсүн өлтүргөндөрдү кармоо иштери уланууда

Ош шаарындагы өзгөчө оор кылмыштын бетин толук ачууга багытталган комплекстүү иш-чаралар уланууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 13-январга караган түнү саат 01:15 чамасында Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө белгисиз адамдар бир адамды өлтүрүп, экинчисинин денесине оор залал келтиришкен. Андан соң кол салгандар унаа менен качып кетишкен.

Бул факты боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин (Адам өлтүрүүгө аракет кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев жеринде өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар адамдарды кармоо боюнча тергөө-ыкчам тобунун ишин координациялоодо.

Учурда кылмышкерлердин төртөө кармалды.

Кылмыш ишинин алкагында шектүүлөрдүн жана алардын жакындарынын даректеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, автоунаалар жана унаалардагы жүргүнчүлөр текшерилүүдө.

Буга чейин ИИМ Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө шектүү делип үчүнчү жаран кармалганын маалымдаган. 

Видео: Ошто кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлдү. Милиция эмне дейт?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>