Душанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп бердиКРда акчаны адалдоо үчүн 1 миллион сом айып салуу жана фирмаларды жабуу сунушталуудаБишкекте заманбап авторлордун «Графика» көргөзмөсү өтөтПолитехникалык коллеж КМТУнун карамагына өткөрүлдүПашинян Жапаровду Казакстандын президенти деп жаңылыш атады — протокол кызматынын башчысы иштен алынды
Бишкекте заманбап авторлордун «Графика» көргөзмөсү өтөт
20.10.2026 | 16:11

22-октябрда саат 15:00дө Бишкек шаарында Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде «Графика» көргөзмөсү ачылат.
Көргөзмө 6-ноябрга чейин уланат. Ага Сүрөтчүлөр, Дизайнерлер жана Архитекторлор союздарынын мүчөлөрү болгон сүрөтчүлөр, дизайнерлер, архитекторлор, фотосүрөтчүлөр, скульпторлор жана керамисттер катышат.
Көргөзмөгө скульпторлор менен керамисттердин эксперименталдык көлөмдүк-мейкиндик композициялары, ошондой эле Street Art, Superstroke, альтермодерн, санариптик искусство (digital art) жана көркөм сүрөт өнөрү багытындагы эмгектер коюлат.
Уюштуруучулар көргөзмөгө коюла турган бардык эмгектер салттуу көркөм, техникалык жана санариптик ыкмалардын айкалышында жаралганын билдиришти.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият