Оштун тургунун конокко келген таанышы балта менен чаап өлтүрдү

Оштун тургунун конокко келген таанышы балта менен чаап өлтүрдү

Ош шаарында адам өлтүрүүгө шектүү делип Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын 31 жаштагы Ш.А. аттуу тургуну өзгөчө оор кылмышка шектүү делип, изи сууй электе кармалды. Шектүү кылмыш болгон жерден чыгып, унаа тосууга жолдо бара жатканда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Алгачкы тергөө иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой, шектүү жаран Ош шаарындагы Земляничная көчөсүндө жашаган 41 жаштагы А.Р.нын үйүнө конокко келген. Экөө бир нече бөтөлкө спирттик ичимдиктерин ичишкен соӊ, үй ээси менен чырдашып, мушташа кетишкен. Натыйжада, ал үй ээсин уруп, андан соӊ балта менен чаап өлтүргөн. Окуя ушул жылдын 6-майында саат 03:00 чамаларында болгон.

Учурда Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмү тарабынан адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Шектүүгө Ош шаардык соту тарабынан 8-май күнү тергөө иштери аяктаганга чейин абакта кармоо боюнча чечим чыгарылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>