Бишкекте автобус айдоочусу мас абалында 6 унааны сүзүп, адамдар жабыркадыКыргызстан менен Гонконг туризм жана ислам каржысы тармактарында кызматташууну көздөөдөЗеленскийсиз тынчтык жана Иранга өзөктүк сокку уруудан баш тартуу — Трамп дагы эмнелерди айттыПрезидент Кыргызстандын Кытайдагы элчисин алмаштырдыЧүй облусунда форель жана осетр балыктарын кайра иштетүүчү завод ачылдыМСК салык төлөөчүлөрдү ЭСФ 2.0 пилоттук долбооруна кошулууга чакырды
Билим берүү министрлиги быйыл 1-класска канча жаштан кабыл алынарын айтты
04.04.2024 | 11:14
2024-2025-окуу жылына карата 1-класстар өзгөрүүсүз эле 7-жаштан тарта кабыл алынат. Бул тууралуу маалымат жыйында билим берүү министринин орун басары Муратбек Касымалиев билдирди.
Анын айтымында, нөлүнчү класста 6 жаштан тарта “Наристе” программасы боюнча окутулат.
“Жылдагылай эле 1-класска 7 жаштан кабыл алынат. Балдар катталган аймагындагы мектептерге электрондук кезекке туруу менен кире алат. Баланы кабыл алууда анын даярдыгына, билимине эч кандай талап болбошу керек”, – дейт Муратбек Касымалиев.
Министрдин орун басары 12 жылдык билим берүүгө өтүп жаткандыктан, окуунун жүрүшүндө өзгөрүүлөр болушу мүмкүндүгүн белгиледи.
Кендирбаева 12 жылдык билим берүүгө мектептер качан өтөрүн айтты
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим