Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Кыргызстандын вице-премьеринин мурдагы кеңешчиси алдамчылык иши боюнча камакка алындыТатьяна Ким 20 жыл иштегенден кийин Wildberries башчысы кызматынан кетти — эмнелер белгилүүБанктар сентябрда курулушка 12,3 миллиард сомдук насыя бердиАмирдин өлүмү. Бишкекте Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун мурдагы башчысы камакка алынды1,5 миң сомдук аңчылык күбөлүгү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыктыБанктар сентябрда 63,4 миллиард сомдук жаңы насыя берди
Өткөн айда 126 миң кыргызстандык Өзбекстанга эс алууга барган
13.08.2022 | 15:32
Июль айында 126,3 миң кыргызстандык Өзбекстанга эс алууга барган. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Мамлекеттик стастистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, июль айында Өзбекстанда туристтердин агымы былтыркыга караганда кыйла арткан. Жалпысынан өткөн айда Өзбекстанга 540,7 миң киши туристтик максатта келген (өткөн жылга караганда 359,8 миң адамга көп).
Өзбекстанга эс алууга келгендердин басымдуу бөлүгүн казакстандыктар түзгөн – 181,8 миң киши. Андан кийинки орунда Тажикстан турат – 143,4 миң адам. Ал эми Кыргызстан үчүнчү орунда – 126,3 миң турист.
Андан тышкары Өзбекстанга Россиядан (61,6 миң), Түркия (6,8 миң) Түштүк Корея (2,2 миң), Гремания (1,5 миң) жана АКШдан (1,3 миң) эс алуучулар келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом