Отун жарып, кар күрөп: Ысык-Көлдөгү милиционерлердин камкордугу

17.01.2023 | 15:56

Ызгаардуу суукка байланыштуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан “Камкордук” иш-чарасы өтүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чаранын жүрүшүндө облустук милициянын өздүк курамы калкка ар тараптуу жардам көрсөтүүгө багытталган. Ал эми, алыскы калктуу пункттарга милициянын көчмө кабылдамаларынын чыгуулары уюштурулган.

[image_carousel source=”media: 173811,173812,173813,173814″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Милициянын аймактык ыйгарым укуктуу кызматкерлери жана балдар иштери боюнча инспекторлор аба ырайынын шарттарына байланыштуу оор абалда калган жалгыз бой пенсионерлерди, көп балалуу үй-бүлөлөрдү, жалгыз бой энелерди жана белгилүү жашаган жери жок адамдарды аныктоо үчүн үймө-үй кыдырышууда. Зарыл болгон учурда милиция кызматкерлери аларга чарбасына жеринде жардам берип, үйгө отун, көмүр, суу киргизип, карды тазалап беришүүдө. Аныкталган фактылар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кабарлашууда.

Алып айтсак, 16-январда Ысык-Көл районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 3 жалгыз бой улгайган адамга жана 5 көп балалуу үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.

Ысык-Көл облусунун аймагында” Камкордук ” иш-чарасы уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top