Кыргызстандык боксчулар Азия чемпионаттарында беш коло медаль жеңишти

20.07.2026 | 15:36
Кыргызстандык боксчулар Азия чемпионаттарында беш коло медаль жеңишти — Новости Кыргызстана

Жакарта шаарында 3-июлдан 15-июлга чейин 23 жашка чейинки жана 19 жашка чейинки спортчулар арасында бокс боюнча Азия чемпионаттары өттү.

Кыргызстандын курама командасынын курамында мелдешке катышкан жекеме-жеке күрөш түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары беш коло медаль жеңип алышты.

23 жашка чейинки спортчулар арасындагы Азия чемпионатында Сагын Сатылбалды уулу 80 килограммга чейинки салмакта, ал эми Мухамед Дурсунов 90 килограммга чейинки салмакта коло байгеге ээ болду.

19 жашка чейинки спортчулар арасындагы мелдеште Нурпери Макешова 57 килограммга чейинки, Мээрим Чыныбекова 80 килограммга чейинки жана Арваз Ахмади 75 килограммга чейинки салмакта коло медаль жеңишти.

Дурсунов менен Макешованын жеке машыктыруучусу — К. Мусакунов. Чыныбекова менен Ахмадини Б. Монолдоров машыктырат.

Scroll to Top