Кеминдеги билим берүү бөлүмү бюджетке 10 млн сом зыян келтирген

Кеминдеги билим берүү бөлүмү бюджетке 10 млн сом зыян келтирген

Чүй облусунун  Кемин райондук билим берүү бөлүмүндө бюджеттик каражаттарды чыгарып алуу жана уурдоо боюнча туруктуу схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, 2016-жылдан тартып азыркы убакытка чейин Кемин районунун билим берүү бөлүмүндө бюджеттик каражаттарды алып коюу жана уурдоо боюнча стабилдүү схема түзүлгөн.

«Айта кетсек, мекеменин жооптуу кызматкерлери, айрым орто мектептердин мугалимдеринин атынан, аларга айтпастан, «Бай түшүм», «РСК» банктарынан электрондук эсеп ачып, ар кандай операциаларды жүргүзүп келишкен. Мугалимдер аталган банктарда эсептешүү эсептери бар экенин, ошондой эле бул эсептердеги ири суммадагы акча каражатын чыгарып кеткендигин билбегендиги аныкталган. Өз кезегинде акча каражаттары банкоматтардын эсептеринен башкы эсепчи Д.М., ошондой эле эсептешүү бухгалтери К.Э. тарабынан чыгарылган», — деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, келтирилген зыян 10 млн сомду түзгөн.

Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>