Отун жарып, кар күрөп: Ысык-Көлдөгү милиционерлердин камкордугу

Отун жарып, кар күрөп: Ысык-Көлдөгү милиционерлердин камкордугу

Ызгаардуу суукка байланыштуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан «Камкордук» иш-чарасы өтүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чаранын жүрүшүндө облустук милициянын өздүк курамы калкка ар тараптуу жардам көрсөтүүгө багытталган. Ал эми, алыскы калктуу пункттарга милициянын көчмө кабылдамаларынын чыгуулары уюштурулган.

Милициянын аймактык ыйгарым укуктуу кызматкерлери жана балдар иштери боюнча инспекторлор аба ырайынын шарттарына байланыштуу оор абалда калган жалгыз бой пенсионерлерди, көп балалуу үй-бүлөлөрдү, жалгыз бой энелерди жана белгилүү жашаган жери жок адамдарды аныктоо үчүн үймө-үй кыдырышууда. Зарыл болгон учурда милиция кызматкерлери аларга чарбасына жеринде жардам берип, үйгө отун, көмүр, суу киргизип, карды тазалап беришүүдө. Аныкталган фактылар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кабарлашууда.

Алып айтсак, 16-январда Ысык-Көл районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 3 жалгыз бой улгайган адамга жана 5 көп балалуу үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.

Ысык-Көл облусунун аймагында» Камкордук » иш-чарасы уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>