Өзбекстан — Кыргызстан — Кытай темир жолун куруу долбооруна кол коюлду

Өзбекстан — Кыргызстан — Кытай темир жолун куруу долбооруна кол коюлду

14-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин аянтчасында Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Өзбекстандын Транспорт министрлиги, Кытай Эл Республикасынын Өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин ортосунда Өзбекстан — Кыргызстан — Кытай темир жолунун курулуш долбоору боюнча кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлду (Кыргызстандын аймагындагы тилке). Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Макулдашууга КР транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев, Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов жана видеоконференция форматында катышкан КЭР өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин Төрагасы Хэ Лифэн кол койду.

Документте Кыргызстандын аймагындагы тилкеде Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад каттамынын бириктирилген варианты боюнча Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин ийгиликтүү бүтүрүүгө биргелешип көмөк көрсөтүү каралган.

Тараптар активдүү кызматташат жана Кыргызстанда жүргүзүлө турган техникалык-экономикалык негиздеме боюнча Кытай темир жол корпорациясынын Биринчи долбоорлоо-изилдөө институтуна биргелешип колдоо көрсөтүшөт.

Техникалык-экономикалык негиздеме боюнча бардык иштерди аяктоо мөөнөтү (баалоо жүргүзүү убактысын кошкондо) — 2023-жылдын 1-июнунан кеч эмес.

Тараптар техникалык-экономикалык негиздеменин каржылоосун үч тараптуу келишим түзүү жолу менен ТЭНге кеткен чыгымдарды Тараптардын ортосунда бирдей үлүштө бөлүштүрүүнү ниеттенишет.

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу Кыргызстандын транспорт тармагындагы маанилүү долбоор болуп саналат.

Жаңы темир жол коридору Евразиянын континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагы болуп, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жол ачат.

Бул каттам Кытайдан жүктөрдү Кыргызстанга, ошондой эле Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркия жана Евробиримдикке жеткирүүнү камсыздайт.

Долбоор транзиттик жүк ташуунун эл аралык рыногунда атаандаштыкка туруштук берүүнү аралыктын жана жүк жеткирүү убактысын кыскартуу аркылуу арттырат.

Долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө жалпы социалдык-экономикалык оң таасирин тийгизет жана калкка транспорттук кызмат көрсөтүүнү кеңейтүүгө, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө таасир этет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>