Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы абал айтылды

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы абал айтылды

Бүгүн, 15-сентябрь саат 08:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу, деп билдирди УКМКнын Чек ара кызматы.

Маалыматка караганда, түндө ок атышуу катталган жок.

“Түн ичинде тараптар аскер күчтөрү менен техникаларды туруктуу жайгашкан жерине алып кетишкен. Эки өлкөнүн райондук милиция бөлүмдөрү чек ара аймактарында биргеликте кайгуул-күзөт иштерин жүргүзгөн”, — деп айтылат маалыматта.

Тараптар чек ара кезметтерин такталбаган тилкелерге жайгаштырган эмес.

14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы Булак-Башы тилкесинде чыр чыккан. Ок атышуунун айынан кыргызстандык эки аскер кызматкери жараат алган. Андан кийин саат 14:00дөрдө Тажикстандын чек арачылары Как-Сай жергесиндеги «Достук» тозотуна ок чыгарып, ок атышуу 14:40та токтогон. Ошондой эле «Самаркандек» тозотунда да саат 15:08де ок атышуу башталып, саат 16:00гө карата токтогон. Чек ара чырынан Кыргызстандын 5 жараны жаракат алды. Алардын экөө чек арачы, экөө жергиликтүү тургун жана 11 жаштагы кыз.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>