Кыргызстандан Өзбекстанга өтүүчү тоннень табылды — видео

Кыргызстандан Өзбекстанга өтүүчү тоннень табылды — видео

Өзбекстандын Анжиян облусунун Коргонтөбө районунда Өзбексатан менен Кыргызстанды байланыштырган эки тоннель аныкталды. Бул тууралуу Өзбестандын kun.uz сайты жазды.

Маалыматка караганда, аталган тоннелдер аткезчилик жүктү, акча чыгаруу жана башка кылмыштык максаттарда колдонулуп келген. Алардын узундугу 150-200 метр, туурасы 60 см жана бийиктиги 1,5 метрди түзөт.

«3 жана 9-февралда Кыргызстандын Ош облусунан Өзбекстандын Коргонтөбө районуна мыйзамсыз өткөн адамдар кармалган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, алар Өзбекстанга жер алдында казылган эки тоннель менен өтүп келгени белгилүү болгон», — деп айтылат маалыматта.

Учурда Өзбекстандын Кылмыш кодексинин 223-беренеси (Өзбекстанга мыйзамсыз кирүү же чет өлкөгө мыйзамсыз чыгуу ) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ал эми УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, 9-февралда Кыргызстандан Өзбекстанга кетүүчү жер астындагы тоннень табылды. 

Тоннель Ош облусунун Кара-Суу районундагы чек ара тилкесинде жайгашкан үйдүн арткы бөлмөлөрүнүн биринен табылган.

Анын Түштүк Фергана каналынын астынан өтөөрү жана анын чыга турган жери Өзбекстандын аймагындагы айылдардын биринен табылган.

Тоннелдин бийиктиги 1,5 метрге чейин, туурасы 80 смге чейин, тепкич менен жабдылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, тоннелдин узундугу 200 метрге чейин жетет.

Бул факты боюнча УКМК тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>