Чүйдө «Притон» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлдү

Чүйдө «Притон» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлдү

Чүй районунда «Притон» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, рейд 8-10-февралда райондук милиция, билим берүү, социалдык өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо бөлүмдөрү тарабынан райондун аймагында жашы жете элек кыздарды сойкулукка тартууга бөгөт коюу жана жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында өткөрүлгөн.

«Бул иш-чаранын максаты жашы жете элек кыздарды сойкулук кылууга тартуу фактыларын болтурбоо, турмуштук оор абалда турган жашы жете электерди жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү аныктоо», — деп айтылат маалыматта.

Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө район аймагындагы Жаңы-Жол интернатынын тарбиялануучуларына жана мектептердин окуучуларына түшүндүрүү  иш-чаралары жана лекциялар өткөрүлдү. Ошондой эле, турак жайсыз, кароосуз калган өспүрүмдөрдү аныктоо максатында коомдук жайлар, кафе-ресторандар, түнкү барлар,  мейманканалар текшерүүгө алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>