Улан Ниязбеков Грузиянын премьер-министри жана ИИМ башчысы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүКазакстандын энергосистемасындагы мүчүлүштүктөн улам Кыргызстан убактылуу обочолонгон режимде иштеди — УЭТАжылык-2027: Сауд Арабиясы зыяратчыларга медициналык талаптарды койдуГ. Айтиев атындагы музейде Бишкектин тарыхына арналган лекция өтөтКыргызстанда угуусу начар балдар үчүн 30 млн сомдук сүйлөө процессорлору сатылып алындыБишкекте электр энергиясында мүчүлүштүктөр болду — Энергетика министрлиги себептерин тактоодо
Өзбекстанда абактагы адам 500 млн сум жасалма акча даярдаган
20.10.2022 | 09:16
Өзбекстандын Кашкадарыя облусунда абакта отурган адам жасалма акча даярдаган. Ал жарым миллиард сумга жакын акчаны басып чыгарганга жетишкен.
Маалыматка караганда, 12-октябрда Касан районунда жумушсуз жаран 500 млн сум жасалма акчаны 125 млн сумга сатууга аракет кылган. Ал 200 млн жасалма сумду 50 млн сумга сатып жаткан учурда милиция тарабынан колго түшүрүлгөн.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү акчаны Касан районунун эки тургунан алганы аныкталып, ал экөө тең кармалган. Ошол эле учурда ал эки жаранга жасалма акчаны 2020-жылдан бери Камаши районундагы абакта отурган адам жөнөткөнү белгилүү болгон. Абактагы адам акчаны аялы жана жашы жете элек уулу аркылуу жөнөткөн.
Акчаны даярдоодо колдонулган принтер менен кагаздар алынган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда