Быйыл энергетиканы өнүктүрүүгө бюджеттен 12,5 млрд сом бөлүнгөн

Быйыл энергетиканы өнүктүрүүгө бюджеттен 12,5 млрд сом бөлүнгөн

Быйылкы жылдын башында энергетиканы өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан 12,5 млрд сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө каржылоо 15,5 млрд сомго жетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында билдирди.

«Отун сатып алууга жана электр энергиясын импорттоого — 9 млрд сом, Камбар-Ата-1 ГЭС курулуш иштерин баштоого даярдык көрүү этабына 1,6 млрд сом бөлүндү. Ушул жылдын декабрына чейин Токтогул ГЭСинин 4-гидроагрегатын ишке киргизүү пландалууда. Натыйжада, Бишкек ЖЭБиндеги жүктөм бир топ кыскарат», — деди Акылбек Жапаров.

Ал белгилегендей, быйыл өлкөнүн суу-энергетикалык балансынын көрсөткүчтөрү былтыркыга салыштырмалуу жакшы.

 «Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 1,5 млрд куб метрге көп. 2022-жылы өлкөнүн электр энергиясына болгон муктаждыгы 16 млрд кВт саатты түзөт. Электр энергиясына болгон керектөөнү камсыздоо максатында Өзбекстан, Түркмөнстан жана Казакстан менен тиешелүү келишимдер түзүлдү», — деди өкмөт башчы.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>