Өзбекстанда аялдарга чоң автобус менен жүк ташуучу унааларды айдоого укук берилди

Өзбекстанда аялдарга чоң автобус менен жүк ташуучу унааларды айдоого укук берилди

Өзбекстанда аялдарга чоң автобус менен чоң жүк ташуучу унааларды айдоого укук берилди. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазды.

Белгилүү болгондой, буга чейин Өзбекстанда аялдар 2,5 тоннадан ашпаган жүктү көтөргөн унааларды жана жүргүнчүлөрдүн саны 14төн ашпаган автобустарды гана айдай алган. Эми аталган чектөө алып салынды.

Өлкөнүн Транспорт министрлиги билдиргендей, эски нормалардын алынып салышы менен аялдарга кошумча кесип жана тармактарда иштөөгө жол ачылууда. Аны менен бирге транспорт тармагында гендердик теңчиликти камсыз кылууга жана аялдарды чоң автобустарды айдоо үчүн ишке алууга мүмкүнчүлүк жаралды.

«Заманбап унаалардын техникалык мүнөздөмөлөрү аялдардын аталган тармактарда ыңгайлуу жана ден соолугуна зыян келбегендей иштөөсүнө мүмкүндүк берет», — деп билдирет Өзбекстандын Транспорт министрлиги.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>