Баткенде 14 эне “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” сыйлыгын алды

Баткенде 14 эне “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” сыйлыгын алды

Баткен шаарында 14 эне “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен сыйланды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, 6 аял “Баатыр эне” орденин, 8 аял “Эне даңы” медалын алган. Сыйлыкты мэр Имамназар Бурканов, анын орун басары Мансурбек Маматисаев, мэриянын аппарат жетекчиси Мамасалы Бегалиевдер тапшырган.

Бүгүнкү күндө Баткен шаарында 165 аял “Баатыр эне” ордени, 152 аял “Эне даңкы” медалы менен сыйланган.

“Баатыр эне” ордени 7 же андан көп бала төрөп, багып, тарбиялаган энелерге, ал эми “Эне даңкы” медалы 6 балалуу энелерге тапшырылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>