Өзбекстанда пенсия менен маяна 7%га көбөйөт

Өзбекстанда пенсия менен маяна 7%га көбөйөт

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеев 28-мартта маяна, пенсия жана жөлөк пулду көбөйтүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Жарлыктын тексти өзбек президентинин сайтында жарыяланды.

Документке ылайык, 1-апрелден тарта Өзбекстанда пенсия менен жөлөк пул 7%га көбөйөт.

Келерки айдан тарта пенсиянын базалык өлчөмү 347 миң сум же 30 долларды, карылык боюнча пенсиянын минималдык өлчөмү 677 миң сум же 60 долларды, майыптык боюнча пенсиянын өлчөмү 747 миң сум же 65 долларды, Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлери менен майыптарынын минималдык пенсиясы 3 млн 296 миң сумду же 290 долларды түзөт.

Жалпысынан 4,4 млн пенсионердин пенсиясы көбөйөрү күтүлүүдө.

Жарлыкта 1-майдан тарта бюджеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин пенсиясы 7% жогорулай турганы айтылат. Май айында минималдык айлык акы 980 миң сумду же 86 долларды түзөт.

Өзбекстанда пенсия акыркы жолу былтыр 1-майда, бюджеттик мекеме-ишканалардын маянасы 1-июнда көбөйгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>