Дүйнөлүк банк Оштогу «Эко Азык» логистикалык борборунун инфратүзүмүнө 10 млн сом бөлөтАйдоочулук күбөлүк алуу: Аламүдүн бөлүмү боюнча практикалык сынак тапшыруу дареги өзгөрдүДмитрий Константинов: Атомдук технологиялар боюнча бардык суроолорго ачык жооп берүүгө даярбызГерманияда кыргызстандык студент каза болду. Маркум ал жакка сезондук жумушка барганКыргыз улуттук университетинде бүтүрүүчүлөрдөн пара талап кылуу фактысы аныкталдыЖээнбек Кулубаев Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы жаңы элчиси менен жолугушту
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келди
20.07.2022 | 20:06
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 20-21-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Маалыматка караганда, «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат