Нарын: Жаңы төрөгөн келинге антисептик сайган дарыгер кызматына кайтты

Нарын: Жаңы төрөгөн келинге антисептик сайган дарыгер кызматына кайтты

Жаңы төрөгөн келинге тамчылатма дарынын ордуна антисептик сайган Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын кызматкери иш ордуна кайтып келди. Маалыматты «Клоопко» Нарын шаардык соту тастыктады.

Окуя 26-март күнү Нарын шаарында болгон. Жабырлануучу кесареводон кийин реанимацияга түшүп,  ага операция учурунда тамчылатма дарынын ордуна сырткы колдонууга арналган хлоргексидин анисептикалык каражаты сайылган.

Ошондой эле жабырлануучуну дарылаган адистер кызматынан четтетилгени кабарланган.

Иликтөөнүн жыйынтыгында акушер өз каалоосу менен жумуштан кетүү тууралуу арыз жазган.

Ал доо арызда кызматтан кетүүсүнө башкы дарыгер себепкер болгонун айткан.  Анын айтымында, башкы дарыгер Саламаттыкты сактоо министрлигинин кысымынан улам, аны Эмгек кодексине ылайык жумуштан кетирем деп коркуткан.

Ошол эле учурда дарыгер жабырлануучунун ага карата эч кандай дооматы жок экенин белгилеген. Ал эми анын аракетинен жабырлануучу дагы, анын ымыркайы дагы жабыркабагандыктан, ал өзүн күнөөсү жок деп эсептейт. Мындан улам, кызматтан кеткенден кийин жумуш ордуна кайтарууну суранган. Сот аялдын арызын канааттандырган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>