Өзгөндө ири спорттук мелдеш өттү

Өзгөндө ири спорттук мелдеш өттү

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормоновдун демилгеси менен Өзгөн районунда кезектеги спорттук мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, спорттук иш-чара быйыл 20-жолу уюштурулду.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары баш болгон бир нече мамлекеттик ишмерлер күбө болушуп, жалпы Өзгөн районунун тургундары борбордук стадиондо оюн көрүштү.  Майрамдык иш-чарада «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери Бактыбек Сыдыков, «Мекенчил» депутаттык тобунун лидери Эльмурза Сатыбалдиев, эл өкүлдөрү Таалайбек Сарыбашев, Айбек Маткеримов, Жаныбек Кыдыкбаев сөз сүйлөп, Өзгөн элин аталган саамалык менен куттуктады.

Спорттук мелдеште волейбол, кол күрөш, таяк тартыш, тогуз коргоол  сындуу оюндардын түрлөрү боюнча райондогу спортчулар мелдешип, жеңүүчүлөр байгелерин алып кетишти.

Депутат Улугбек Ормонов келерки май майрамына чейин Өзгөндөгү борбордук стадион реконструкция болорун белгиледи.

Иш-чаранын маданий бөлүгүндө белгилүү ырчылар, акындар  концерттик программа тартуулашты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>