«Мадина» базарындагы мыйзамсыз курулуштар алынууда

«Мадина» базарындагы мыйзамсыз курулуштар алынууда

Бишкек шаарындагы «Мадина» базары иретке келтирилет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шаардык кызматтар «Мадина» базарында жыйын өткөрүшүп, анда тыгын маселесин чечүү, стихиялуу унаа токтотуучу жайларды, соода объектилерин жана жарнамалык структураларды иретке келтирүү маселелери каралды.

Мэриянын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы соода объектилерин тартипке келтирип, Менделеев көчөсүндөгү жана базардын айланасындагы мыйзамсыз орнотулган курулуштарды бузууну колго алды.

«Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик башкармалыгына  Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин  алдындагы «Бишкек унаа токтоочу жай» мамлекеттик ишканасына андан ары бекитип берүү үчүн Менделеев көчөсүн бойлото унаа токтотуучу жайларды уюштуруу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды.

Ал эми Патрулдук милиция кызматы башкармалыгы жогорудагы көчөдө стихиялуу унаа токтотууларды жоюу жана автотранспорттук кыймылды иретке келтирүү маселесин чечүүгө көмөктөшүп, өзгөчө көзөмөлгө алат.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо иштери жүргүзүлдү. Анда шаардын көркүн бузган 179 жарнама такталары алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>