Өзгөндө куралы бар мергенчилер, күзөт мекемелери текшерилди

06.02.2024 | 14:00

Оштун Өзгөн районунда ок атуучу куралды колдонууга уруксат алган мекемелер, дүкөндөр жана мергенчилер текшерилди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Өзгөндө мергенчи катары каттоодо турган 236 жарандын, 1 мергенчилик дүкөндүн,  2 жеке күзөт мекемесинин жана 2 өндүрүш багытында пайдалануу үчүн жардыруучу заттарды сактаган  мекемелердеги ок атуучу куралдарынын уруксат кагаздарынын мөөнөттөрү жана сактоо шарттары текшерилген. Натыйжада куралды сактоо жана кайра каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 6 жаранга Укук бузуулар кодексинин 133-134-беренелери боюнча протоколдор түзүлүп, жалпы 12 миң сом айып салынды.

“Ал эми сактоо шарттарын бузгандыгы үчүн 2 курал маселе чечилгенге чейин райондук ички иштер бөлүмүнө убактылуу алынды”, – деп айтылат маалыматта.

Аталган иш-чара коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында жүргүзүлгөн.

Милициядан белгилешкендей, Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинде (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) жана 268-беренесинде (Куралды мыйзамсыз сактоо) айтылган курал-жарактарды (ок атуучу куралдарды, ок дарыларды жана жарылуучу заттарды) өз ыктыяры менен ички иштер органдарына тапшырган жарандар ушул беренелерде каралган жосун үчүн кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Scroll to Top