Нарында мурдагы депутаттын мыйзамсыз сактаган куралдары алынды

Нарында мурдагы депутаттын мыйзамсыз сактаган куралдары алынды

Нарындагы  “Болот” соода-базар комплексинин ээси, Кочкор райондук кеңештин мурдагы депутатынан  курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактагандыгы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, аталган жаран  алдамчылыкка шектелүүдө. Тинтүү учурунда анын мыйзамсыз сакталган курал-жарактары, МП-155 үлгүсүндөгү мылтыгы, анын октору, Калашников автоматынан 5х45 калибриндеги ок-дарылары жана ошондой  эле “Болот” соода-базар комплексинине тиешелүү документтер табылып алынды.

Аны менен катар Б.Б.нын наамына берилген КР ИИМ кызматкеринин 2 күбөлүгү жана Кочкор айылдык кеңешинин депутатынын бир күбөлүгү табылып алынды.  Ошондой эле, КР ИИМде катталган 2006-жылкы  “Тойота Ленд Крузер” үлгүсүндөгү унаанын техникалык паспорту да табылып алынган.

 

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>