Өзгөндөгү жашыруун кызматтагылар үйлүү болушту

Өзгөндөгү жашыруун кызматтагылар үйлүү болушту

19-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош облустук жана Ош шаардык башкармалыгынын Өзгөн райондук бөлүмчөсүнө жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Бул туурасында аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, курулган имаратта кызматкерлер үчүн зарыл болгон бардык заманбап техникалык жабдыктар толук камсыздалган. Иштөө шарттары да талапка жооп берет.

Жаңы имараттын ачылышына  Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыктарынын башчылары өздүк курамы менен, ардагерлер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Алдыда дагы атайын кызматтын аймактардагы бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базаларын жаңылоо, чыңдоо иштери улантылаары белгиленди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>