Кыргызстанда тогуз айда жол кырсыктарынан 572 адам каза болду, анын 88и жаш балдарАшууларга кар жаап, жолдорго кум-туз аралашмасы себилүүдөЧакан жана орто бизнес 149,6 млрд сом инвестиция өздөштүрдү, өсүш 22,8%ды түздүКыргызстандын U-15 футбол курамасы 0:3 эсебинен кийин Боливияны жеңди«Жаштык инсульттан коргой албайт» — невролог Асель Керимкулова менен маекАкыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин Ноокен районунун тургунуна пенсия чегерилди
Пакистандыктардан айдоочулук күбөлүккө кайра сынак алуу талабы айтылды
16.05.2024 | 12:48
Кыргызстанда иштеп жаткан Пакистандын жана Бангладештин жарандары жол эрежелерин бузуп, кырсыктарга себепкер болууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.
Ал бул эки өлкөдөн келген мигранттардын саны, аларга берилген эмгек визасынан бюджетке канча түшүп жатканы боюнча маалымат сурады.
“Азыр алар жеткирүү кызматында, таксиде дагы иштеп жатат. Жол эрежесин сактабай, кырсыктарга себеп болушууда. Кимдер аларга айдоочулук күбөлүк берди? Баарын текшерип, кайра сынак алыш керек”, – дейт депутат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом