Наристе даараткананын чуңкуруна кулап каза болдуТүркияда деңиз жээгинен кыргызстандык жарандын сөөгү табылдыБишкектеги №24 мектепте миллион сомдук акча чогултуу боюнча кылмыш иши козголдуИран менен АКШнын ортосундагы 14 пункттан турган меморандумдун долбоору жарыяланды — толук маалыматСауна, мончо жана тамактануучу жайлар үчүн салык ставкасы төмөндөтүлөтУнаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуу акысы бир айга арзандады
Парадзюдочу Хайитхон Хусан кызы Азия чемпиону болду
30.04.2023 | 18:37
Кыргызстандык парадзюдочулар Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Азия чемпионатында беш медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Кыз-келиндер арасында 48 кг салмак категориясында Хайитхон Хусан кызы алтын утуп, Азия чемпиону болду. Финалдык беттештте ал өзбекстандык спортчу Фотима Тоирова менен кез келип, атаандашын 10:0 эсебинде жеңген.
Ошондой эле, Регина Саламатова 48 кг салмакта коло байге тагынган.
Эркектер арасында 60 кг салмакта Алихан Жумагулов , Темирлан Абдукаримов, 73 кг салмакта Маматибрагим Суранов коло байге уткан.
Белгилей кетсек, аталган мелдеш 26-апрель күнү башталган, 1-майда жыйынтыкталат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз