Теңгиз Бөлтүрүк үй камагына чыгарылды

Теңгиз Бөлтүрүк үй камагына чыгарылды

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 30-апрелде Октябрь райондук сотунда прокуратуранын Теңгиз Бөлтүрүктү үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчү каралган. Сот өтүнүчтү канааттандырган.

Буга чейин жактоочу Кайсын Абакиров Теңгиз Бөлтүрүккө 3-даражадагы гипертония оорусу деген диагноз коюлганын, аны үй камагына чыгаруу керектигин билдирген.

12-апрелде башкы прокурор Курманкул Зулушев аталган иш боюнча мамлекетке 830,8 млн сом кайтарылганын билдирген.

Эскерте кетсек, былтыр сентябрь айында Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк менен бирге эки кишини «Кумтөр Голд Компанидеги» коррупциялык ишке шектеп кармаган. Мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгени айтылган.

Бөлтүрүктүн иши: Башкы прокурор канча зыян өндүрүлгөнүн айтты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>