Париж-2024. Жуманазарованын биринчи атаандашы аныкталды

Париж-2024. Жуманазарованын биринчи атаандашы аныкталды

Балбан кыз Мээрим Жуманазарованын (68 кг) Олимпиада оюндарындагы биринчи атаандашы белгилүү болду.

Бүгүн, 4-августта Парижде күрөш боюнча чүчүкулак кармалды. Анын жыйынтыгы менен Жуманазарова биринчи беттешинде монголиялык Делгермаа Энхсайхан менен күрөшө турган болду. Ал таймашты 1/8 финалдан баштай.

Кармаш 5-августта Бишкек убактысы боюнча саат 19:00до башталат.

Мээрим Жуманазарова — Олимпиада оюндарынын коло байге ээси (2021-жыл), дүйнө чемпиону (2021-жыл), Азия чемпиону (2021-жыл), 1 ирет күмүш (2022-жыл) жана эки жолу коло (2018, 2019-жыл) тагынган, Азия оюндарынын коло байге ээси (2018-жыл).

Анын атаандашы Делгермаа Энхсайхан — дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси (2023-жыл), Азия биринчилигинде 1 жолу күмүш (2021-жыл), 3 ирет коло медалга татыган (2020, 2022, 2024-жыл) Азия оюндарынын коло байге ээси (2023-жыл).

Жуманазарова экинчи ирет Олимпиадага барат. Атаандаштары кимдер?

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>