Тигүүчүлөр жана электрондук соода менен алектенгендер бирдиктүү салыктан убактылуу бошотулдуНарында ок атуу боюнча жаңы спорттук тир ачылдыКыргыз улуттук филармониясы жана Кореянын Сеул искусство жана маданият фонду кызматташатДүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына «Бишкек Аренага» шаттл-автобустар каттайт – даректерКылымдарды карыткан Кытай: Бишкекте өзгөчө эл аралык көргөзмө ачылдыБишкекте Кызыл-Суу кыргыздарынын аткаруусунда «Манас» спектакли коюлат
Парламентте Акылбек Жапаровдун катышуусунда “өкмөттүк күн” өтөт
12.10.2022 | 14:20
20-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентке келип, депутаттардын суроолоруна жооп берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев билдирди.
Анын айтымында, Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинетинин мүчөлөрү парламентке маалымат бергени келери макулдашылды.
“Акылбек Үсөнбекович менен сүйлөштүк. Буйруса кийинки жуманын бейшемби күнү (20-октябрь – ред.) эртең менен кечке чейин “өкмөттүк күн” өткөрүүнү сүйлөштүк. Ошол күнү бюджет, Баткен, “Кумтөр”, кышка даярдык сыяктуу суроолордун тегерегинде жыйын курабыз. Министрлер кабинети келип, суроолорго жооп берет”, – деди ал.
Эскерте кетсек, депутаттар бир нече жыйындардан бери Акылбек Жапаровдун парламентке келип, маалымат берүүсүн талап кылып жатышкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом