Караколдо телефон уурдаган жаран видеого түшүп калган

Караколдо телефон уурдаган жаран видеого түшүп калган

Каракол шаарында телефон уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 23-сентябрь күнү арыз менен Каракол ШИИБге 1991-жылы туулган Каракол шаарынын тургуну кайрылган. Арызында, ошол эле күнү болжол менен саат 18:00 чамасында Каракол шаарынын соода борборунун биринде өзүнө тиешелүү болгон “Redmi 9”  үлгүсүндөгү уюлдук телефонун белгисиз адам жашыруун түрдө уурдап кеткени жөнүндө билдирген. Келтирилген чыгым 17 000 (он жети миң) сомду түзгөн.

Аталган факт Каракол  ШИИБдин КБРне  катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин   (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, кылмышка шектүү катары 32 жаштагы Каракол шаарынын тургуну У.А. аттуу жаран аныкталып кармалган. Кармалган шектүүнү жеке текшерүү учурунда, уурдалган уюлдук телефон табылып, дадил зат катары тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Алгачкы тергөө иштеринде, шектүү кылмыш боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Тергөө амалдары уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>