Парламентте Орусияда мигранттарга киргизилген жаңы талаптар боюнча маселе көтөрүлдү

Парламентте Орусияда мигранттарга киргизилген жаңы талаптар боюнча маселе көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Орусияда медициналык кароодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам мигранттарды машакатка салып жатканын айтып чыгышты. Эл өкүлдөрү бул мыйзам Евразия Экономикалык Биримдигинин талаптарына жооп бербей турганын белгилешти.

Депутат Дастан Бекешев бул маселени жогорку жетекчилердин дгээлинде сүйлөшүү зарылдыгын айтты.

«Орусияда жаңы мыйзам мигранттарга оорчулук жаратууда. Миңден ашуун киши медициналык кароодон өтүш үчүн кезекте турат. Анын баасы 6 миң рубль, квартал сайын өтүп туруш керек экен. Биздин президент дагы Орусиянын мамлекет башчысына кайрылса. Мигранттар ал жактан такыр эле кетиш керекпи же алар Орусиянын жарандыгын алыш керекпи, ачык эле сүйлөшүү керек. Андай болсо эки жарандуулук боюнча маселени алар дагы макул болсо макулдашуу түзөлү. Бул өтө чоң көйгөйдү жаратып жатат», — деди Бекешев.

Ушул эле маселени депутаттар Жанар Акаев, Адахан Мадумаров, Бакыт Төрөбаев, Жусупбек Коргонбай уулу көтөрдү.

Жанар Акаев мигранттардын, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары кабылып жаткан жагдайларга көңүл бурбай отурган Кыргызстандын биримдиктеги өкүлдөрүн сындады.

«Кыргызстанды минтип оңдош керек деп акыл үйрөткөндөрдүн бардыгы азыр ошол жакта кызмат алгандан кийин унчукпай отурат. Ошолор иштеш керек эле. Чакырып сурашыбыз керек. Мыйзам долбоору Думада каралып жатканда бир дагы коңгуроо каккан эмес. Азыр дагы тийиштүү комитет кат жолдодук, ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө бул мыйзамдын тиешеси жок деген мыйзам кирсе, мекендештерди бир топ нерседен сактайбыз», — деди Акаев.

Орусия миграциялык мыйзамдарды улам катаалдатып келет. Маселен, 1-марттан тарта жаңы медициналык талаптар киргизилүүдө. Ага ылайык, ар бир айда, үч айда, анан жыл сайын текшерүүдөн өтүп турушу керек.

Калкынын саны 6,5 миллиондон ашкан Кыргызстандын 1 миллиондон ашуун жараны чет өлкөлөрдө эмгектенет. Анын көпчүлүгү Орусияда иштейт.

Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕАЭК) Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору болуп былтыр октябрда дайындалган. Ал эми Темирбек Асанбеков (биримдиктеги транспорт, инфраструктура жана энергетика маселелерин карайт) менен Максат Мамытканов (уюмдагы бажы маселелерин тейлейт) былтыр июлда Кыргызстандын атынан Евразия Экономикалык Комиссиясында (ЕЭК) министр болуп дайындалышкан.

ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу максатында уюшулган. Акыркы жылдары кыргыз тарап иш жүзүндө кыйынчылыктар көп экенин айтып келет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>