Кыргызстанда 2,5 миң бала онкологиялык оорулар менен жабыркайт

Кыргызстанда 2,5 миң бала онкологиялык оорулар менен жабыркайт

Өлкөдө 2,5 миңге жакын бала онкологиялык оорулар менен жабыркайт. Ошол эле учурда жыл сайын 130дан ашык бала биринчи жолу аныкталса, 140тан ашык бала биринчи жолу майыптыкка кабылат. Бул тууралуу рак илдетине чалдыккан балдарга паллиативдик жардамдын жеткиликтүүлүгү жөнүндө тегерек столдо айтылды.

Коомдук фонд тарабынан уюштурулган иш-чаранын жүрүшүндө ооруга чалдыккан балдарга байланыштуу бир катар актуалдуу маселелер, орун алган көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору талкууланды.

Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекованын айтымында, мамлекет балдардын онкологиясын дарылоого каражат бөлүп, сапаттуу диагноз коюуга, дарылоого жана реабилитациялоого шарт түзүшү керек.

Ал ошондой эле, 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын жана «Дени сак адам — өнүккөн өлкө» программасын ишке ашыруунун алкагында онкологиялык илдетке чалдыккан балдарга медициналык-социалдык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча иштер күчөтүлө турганын белгиледи.

Иш-чарага Саламаттык сактоо министрлигинин, Акыйкатчы институтунун, жарандык сектордун өкүлдөрү жана онколог дарыгерлер катышты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>