Караколдо заманбап шаардык пляж ачылды — сүрөттөрЫсык-Көлдөгү коопсуздук: ӨКМ күн сайын рейддерди өткөрүүдөТрамп «төртүнчү мөөнөт» тууралуу тамашалап, «Trump 2028» жазуусу бар кепка кийдиЫсык-Көлдө Өзбекстандын маданият күндөрү башталат: 200 артист келдиАт-Башыда жарылуудан улам бир киши колунан айрылды — текшерүү жүрүүдөКыргызстанда кафе жана ресторандарды пландан тышкары текшерүү кайтарылышы мүмкүн
Парламентте тармактык комитет чек ара маселесин жабык эшик артында кароодо
14.01.2020 | 11:03
Бүгүн, 14-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети чек ара маселесин жабык эшик артында кароодо.
Мындай сунушту депутат Абдывахап Нурбаев берди. Комитет жыйынындагы калган эл өкүлдөрү сунушту колдошту.
Жыйында Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын ишинин жүрүшү жөнүндө маалымат угулат.
Учурда жыйынга тышкы иштер министрлигинин жана чек ара кызматынын өкүлдөрү жана депутаттар катышууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат